500 миң $. Депутат алдамчылык менен кармалды

500 миң $. Депутат алдамчылык менен кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

«Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экени далилденген.  2013-жылы Кубанычбек Нурматов Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алган»,- деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ал 20-сентябрда алдамчылыкка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кубанычбек Нурматов 2015-жылы Жогорку Кеңешке»Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>