Дааратканаларга да жетишти. Жогорку Кеңеште алардын абалы талкууланды

24.09.2026 | 11:28
Дааратканаларга да жетишти. Жогорку Кеңеште алардын абалы талкууланды — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңеште тазалык жана туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз болуп жатып, бир топ эле күнүмдүк маселе — коомдук дааратканалардын абалы көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетин бул көйгөйгө олуттуу көңүл бурууга чакырды.

Парламенттин жыйынында сүйлөгөн Бекешев жакында өлкөдө Тазалык күнү өткөрүлүп, ишембиликке ар кандай мекемелердин кызматкерлери — дарыгерлер, мугалимдер, бала бакчалардын кызматкерлери жана башка бюджеттик мекемелерде иштегендер чыкканын эске салды.

Анын айтымында, мындай акциялардан кийин канча тонна таштанды чогултулганы айтылып, сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланат. Бирок коомдук жайлардагы дааратканалар талаптагыдай абалга келтирилмейинче, тазалык жөнүндө айтууга эрте.

«Көчөлөрдү тазалайбыз, бирок дааратканаларды карабайбыз. Ооруканага кирсең — даараткананын абалы начар, мектепке кирсең — ошондой эле, лицейлерде, бала бакчаларда да ушундай. Жада калса жакшы кафелерде да дааратканалар өтө начар абалда болот», — деди парламентарий.

Эл өкүлү Бекешев туристтик жайлардагы абалга өзгөчө токтолду. Анын айтымында, көйгөй Ысык-Көлдө жана тоолуу аймактарда да бар. Айрым жерлерде коомдук дааратканалар таптакыр жок болсо, барлары талапка жооп бербейт.

Ал ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда чет элдик туристтер жергиликтүү дааратканаларды сүрөткө тартып кетишкенин айтты. Депутаттын пикиринде, Кыргызстан туристтерди көбүрөөк тартууну кааласа, санитардык инфраструктурага да жетиштүү көңүл бурушу керек.

«Биз туризм өнүгүп жатат деп мактанабыз, туристтерди чакырабыз. Бирок дааратканалар жок болсо же начар абалда болсо, туристтерди кантип чакырабыз? Туризм менен кошо дааратканалар да өнүгүшү керек», — деди Бекешев.

Парламентарий министрлер кабинетин бул маселени олуттуу деңгээлде карап чыгууга жана мектептердеги, ооруканалардагы, бала бакчалардагы, кесиптик лицейлердеги жана башка коомдук жайлардагы дааратканалардын абалына көңүл бурууга чакырды.

Scroll to Top