Кыргызстанда аялдар үчүн 9,75%дан баштаган ипотека ишке кирди3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады
ИИМ: 20 жаштагы жигит бир млн сомдук баңгизат менен кармалды
06.01.2025 | 16:10
Баңгизат сатууга шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жигит Чүй жана Бишкекте “мефедрон” психотроптук заттын сатуу менен алектенген деп шектелүүдө. Ал 4-январда колго түшүп, андан 1 млн сомдук “мефедрон” табылып алынган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.