Айдоочулук күбөлүктү тез алуу үчүн эмне кылуу керек? ИИМдин жообу

Айдоочулук күбөлүктү тез алуу үчүн эмне кылуу керек? ИИМдин жообу

Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аймактар аралык бөлүмүндө дагы айдоочулук күбөлүк берүү кызматы ишке кирген, деп эскертет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, шаар тургундары айдоочулук күбөлүгүн тез жана күтүүсүз алуу үчүн Аймактар аралык бөлүмүнө кайрылышы шарт.

“Транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгүн берүү мамлекеттик кызматын дем алыш күнү тез жана кезек күтүүсүз алуу үчүн “РИОМ” унаа базарынын аймагында жайгашкан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин  Аймактар аралык бөлүмүнө кайрылсаңыз болот”, — деп айтылат маалыматта.

Жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү же алмаштыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

—  ID-паспорт;

— Айдоочунун жеке карточкасы;

— Автомектепти окуп бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк;

— Медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ (Форма-083);

— Арыз (“Унаа” мамлекеттик мекемесинин айдоочуларды каттоо бөлүмдөрүндө толтурулат).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>