Бишкекте экс-мэр Иса Өмүркуловдун мыйзамсыз курулушу бузулду

Бишкекте экс-мэр Иса Өмүркуловдун мыйзамсыз курулушу бузулду

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр  көчөсүндө мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштери ууланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксатсыз курулган курулуштарды бузуу иштери мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда жана «Бишкекбашкыархитектура», «Тазалык» ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Алсак, Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап, М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Жарнамалык конструкциялар да алынды.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен алышат.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Белгилүү болгондой, Байтик Баатыр 65 дарегиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда мурдагы мэр Иса Өмүркулов жерине келип, вице-мэр Орунтаевден чарбалык имаратты бузбоону суранган, бирок вице-мэр макул болбой, бузуу иштери уланган.

Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>