Бишкекте жана Чүйдө «Йакын Инкар» агымынын сегиз мүчөсү кармалды

Бишкекте жана Чүйдө «Йакын Инкар» агымынын сегиз мүчөсү кармалды

Бишкекте жана Чүйдүн аймагында “Йакын инкар” диний экстремисттик агымынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аталган диний экстремисттик агымдын активдүү лидерлерин жана мүчөлөрүн аныктоо жана алардын жашаган даректерине мыйзам чегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында жашаган “Йакын инкар” диний экстремисттик агымынын лидеринин жана мүчөлөрүнүн үйлөрүнөн экстремисттик мазмундагы 114 даана китеп, 8 даана СD-диск, 2 даана флеш карта, 37 даана баракча, 6 даана дептер, 5 даана уюлдук телефон, 2 даана брошюралар далил катары алынды.

Учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, “Йакын инкар” диний экстремисттик агымдын 8 мүчөсү тергөө кызматына жеткирилип, кошумча тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары ушул багыттагы иштерин күчөтүлгөн багытта алып барууну улантат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>