Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы башталды

Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы башталды

Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Иш-чаранын расмий бөлүгүн маданият министри Алтынбек Максутов ачты.

Ал өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалын өткөрүүнүн маанисине токтолуп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Иш-чарада Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандардын назарына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан негизинде коюлган спектаклдерди сунуштайт.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз эл жазуучусу, Кыргызстандын театр ишмерлер союзунун президенти, искусство таануу илимдеринин кандидаты, калыстар тобунун төрагасы Кулмамбетов Жаныш, Казахстандын эмгек сиңирген ишмери, эл аралык театр сынчылары ассоциациясынын (IATC) Казахстан секциясынын төрагасы, театр таануучу, театр сынчысы, искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор (Казакстан) Кабдиева Сания Дуйсенхановна, театр сынчысы, искусство таануу илимдеринин кандидаты, доцент (Россия) Сагитова Айсылу Сынтимеровна, Түркмөнстандын эл артисти, театр режиссеру, театр жана кино актрисасы Акмырадова Гулялек Мухамметоразова жана театр сынчысы, А.С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору.Жунушов Болотбек Абдурасулович кирген.

Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалындагы бардык спектаклдер 6 күн бою акысыз көрсөтүлүп, 12-декабрда салтанаттуу жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>