ИИМ: мас болуп тартип бузган 3 кызматкер жумуштан алынды

ИИМ: мас болуп тартип бузган 3 кызматкер жумуштан алынды

Өзгөчө абал учурунда мас болуп алып коменданттык сааттын талаптарын бузган криминалдык милициянын үч кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Алар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Наркология борборунан текшерилгенде, алардын мас экендиги тастыкталган”, — деп билдирди министрлик.

Ички иштер министрлиги кызмат учурундагы тартип бузган кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Буга чейин жогорудагы сөз болуп жаткан милиция кызматкерлеринин мас абалында кармалгандыгы тууралуу видео интернетке тараган.

Апрель айынын башында коменданттык саат учурунда милиция кызматкерлери сойкуларды ташып жүргөнүн  бир катар басылмалар жазып чыккан.

ИИМ бул маалыматты четке кагып, кызматкерлер болгону коменданттык сааттын талаптарын гана бузушканын айткан.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>