ИИМ: Милиционер болуу — зор сыймык жана чоң жоопкерчилик (видео)

ИИМ: Милиционер болуу — зор сыймык жана чоң жоопкерчилик (видео)

Милиционер болуу — зор сыймык жана өзгөчө чоң жоопкерчилик. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип, укуктук демократиялык мамлекетти чыңдоого, коомдук туруктуулуктун сакталышына жан аябастан терибизди төгүп, кызмат кыла беребиз! 

Милиция кызматкери өлкөбүздүн тынчтыгын жана жарандарыбыздын коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн, бүткүл жашоосун тобокелге салып, кызмат өтөп келүүдө.

Ар бир кызматкердин так ушундай бийик максаттары, катарыбыздан кайраттуу жана күжүрмөн азаматтардын чыгышына түрткү болуп келет.

Милиция кызматына коомдук тартипти бекем сактоо, кылмыштуулук менен келишкис жана аёосуз күрөш жүргүзүү милдети тапшырылган. Милиционер болуу — зор сыймык жана өзгөчө чоң жоопкерчилик.

Кызматкерлердин сапаттуу ишмердүүлүгү – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшү, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептелет. Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү менен куттуктайбыз!», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>