ИИМ: Ошто ишкерлерди тоногон жаран кармалды

ИИМ: Ошто ишкерлерди тоногон жаран кармалды

Ош шаарында ишкерлерди тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь-октябрь айларында өзүн кримчөйрөнүн өкүлү катары тааныштырган жаран маданий жана чарба буюм-эмеректерди жасаган ишкерлерге келип, үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап берүүнү талап кылган. Андан кийин бир нече жолу келип, коркутуп, күч колдонуп, даяр буюмдарды унаасына салып, алып кеткен. Ишкерлерге 100 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштериин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 32 жаштагы М.Ф. аттуу тургуну (мурдагы аты-жөнү М.С., атын өзгөрткөн) кармалган.

«Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрө менен байланышы бар», — деп билдирет ИИМ.

Учурда шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>