«Чет элдик өкүл». Мамлекеттик органдар концепциясын колдойт

«Чет элдик өкүл». Мамлекеттик органдар концепциясын колдойт

Министрлер кабинети Надира Нарматова демилгелеп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү боюнча мыйзам долбоордун концепциясын колдоого алды. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек  Абытов коомдук  талкуу  учурунда  билдирди.

Жогорку сот, Башкы прокуратура  менен Акыйкатчы институту депутаттарды Кылмыш жаза кодексине  өзгөртүүдөн баш тартууга чакырат. Башпрокурордун орун басары Умуткан Конкубаеванын айтымында,  жоопкерчиликтин мындай түрү кодекстерде бар.

Ал эми Эсептөө палатасы бейөкмөт азыр дагы отчет тапшырарын айтып, долбоордогу сунуштардын аларга тиешеси жоктугун белгилеп,  аудитордук мыйзамдар менен иштөөнү сунуштады.

“Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдарды текшерүү, документтерди сурап алуу, алардын жыйындарына катышуу милдеттери жүктөлүп жатат. Бул штаттык бирдикти көбөйтүүгө алып келет. Азыр министрлер кабинетинде тескеринче штатты кыскартуу каралып жатат”, — деди министрдин орун басары Орозбек Сыдыков.

Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

  • Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм, чет өлкөлүк өкүл түшүнүгү киргизилет.
  • Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, саясий акцияларды уюштурууга жана  катышууга тыюу салынат. Ал саясый ишмердик болуп саналат.
  • Коммерциялык эмес уюмдар отчет берүүчү органдардын саны көбөйтүлөт.
  • Кылмыш жаза кодексине 50-200 миң сом айыппул, же 5-10 жылга эркинен ажыратуу каралууда.

Жогорку Кеңештин комитети «чет элдик өкүл» долбоорун жактырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>