ИИМ: Шайлоодо коомдук тартипти сактоо жогорку деңгээлде жүргүзүлөт

ИИМ: Шайлоодо коомдук тартипти сактоо жогорку деңгээлде жүргүзүлөт

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун аймагына болгон иш-сапарынын алкагында, парламенттин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо боюнча иштерди аткарууну тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоого даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйынында Урмамбетов шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракеттерди болтурбоо, алдын алуу керектигин белгиледи.

«Министрдин орун басары ыйгарым укуктарга ылайык талапкерлердин административдик жана башка ресуртарды колдонушуна жол бербөө, аныкталган укук бузуулар боюнча тез арада мыйзамдуу чара көрүп, аныкталаган укук бузуулар жана аларга карата колдонулган мыйзамдуу чаралар тууралуу жалпыга маалыдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тапшырма берди»,- деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 62 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>