ИИМ жашыруун баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

31.07.2026 | 18:21

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда өзгөчө ири өлчөмдө кара куурай тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Түп районунда кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоочу жашыруун лаборатория аныкталган.

Баңгизаттын кезектеги партиясын даярдап жаткан учурда кылмыштуу топтун болжолдуу уюштуруучусу — 1987-жылы туулган Б.Н.Б., даярдоочулар — 1995-жылы туулган А.Д.Т. жана 2000-жылы туулган К.А.Б., ошондой эле ташуучу катары 2000-жылы туулган Н.Д.Б. кармалган.

Жашыруун лабораторияга жүргүзүлгөн тинтүүдө жалпы салмагы 51,2 килограмм баңгизат алынган. Анын ичинде 4,1 килограмм гашиш, 7,3 килограмм гашиш майы жана 39,6 килограмм марихуана болгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Scroll to Top