Азербайжандын президенти Садыр Жапаровго Гейдар Алиев орденин тапшырды

31.07.2026 | 17:31
Азербайжандын президенти Садыр Жапаровго Гейдар Алиев орденин тапшырды — Новости Кыргызстана

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 31-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземинде Ильхам Алиев Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын жетишкендиктерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан ыкчам өнүгүп жатканын, бардык аймактарда масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын жана эл аралык аброю чыңдалып жатканын айтты.

Азербайжандын президенти өзгөчө Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө токтолуп, аймакта мындай кыска убакыттын ичинде мындай масштабдагы өзгөрүүлөр мурда байкалбаганын белгиледи. Анын айтымында, бул жетишкендиктер Садыр Жапаровдун көрөгөч саясатынын, өз элине болгон берилгендигинин жана Кыргызстанды өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууга болгон умтулуусунун натыйжасы болуп саналат.

Ильхам Алиев ошондой эле Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон салымын жогору баалады. Ушул эмгегин баалоонун белгиси катары ал Кыргызстандын президентине Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев орденин тапшырды.

Scroll to Top