ИИМде учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстери берилди

ИИМде учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстери берилди

Бүгүн,  1-июль күнү ИИМдин борбордук аппаратында учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин жана башка жабдууларды тапшыруунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына ИИМ тарабынан эки учкучсуз учуучу учактын аппараты, өздүк курамды жана учкучсуз учуучу аппараттарды ташуу үчүн эки мобилдик унаа тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул комплекстер укук коргоо органдарынын техникалык потенциалын чыңдоо үчүн, анын ичинде Орусия тарабынан каржыланган БУУнун “Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мобилдүү ыкчам топторун түзүү” долбоорунун алкагында жүзөгө ашууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>