Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
ИИМдин экс-кызматкери Марат Рысалиев кырсыкка кабылды. Туугандары жардам сурашууда
20.04.2021 | 10:52
Ички иштер министрлигинин экс-кызматкери Марат Рысалиевди Кочкор-Ата шаарында үй-бүлөсү менен конокко бара жаткан айдоочу унаасы менен коюп кеткен.
Айдоочу рулга ээ боло албай калган.
Марат Рысалиев Балыкчы райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген. Эки жылдан кийин ден-соолугуна байланыштуу жумуштан кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен баш сөөктүн эки жери, моюн сөөгү, буттары, колдору сынган. Аны шаарга атайын реанимациялык унаа менен 15 миң сом төлөп алып келишкен. Үй-бүлөнүн дары сатып алууга каражаты жетпейт. Күнөөлүү төлөй албай жатат”, – деп жазылат социалдык тармактагы билдирүүдө.
Марат Рысалиевдин туугандары кайрымдуу жарандардан жардам сурашууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом