Күзөт кызматынын өкүлдөрү Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты

Күзөт кызматынын өкүлдөрү Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты

ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги Каныбек Абдырахманов Москвага болгон иш сапарынын алкагында Росгвардиянын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун командири Талант Раимбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган күзөт пунктунун башчысы Саламат Календеров, ИИМдин Россиядагы өкүлү Исмайыл Сагыналиев катышты.

«Иш сапардын алкагында Күзөт  кызматынын өкүлдөрү  жаңы техникалык каражаттар менен таанышуу, Күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө максатында күзөт жана жабдуулардын техникалык каражаттары боюнча Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмө 11-апрелден 14-апрелине чейин Москва шаарында өттү. Иш-чарага күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук системалары боюнча техникалык каражаттарды  (башкаруу системасы, видеобайкоо системалары, даректүү детекторлор, программалык камсыздоо, борборлоштурулган байкоо пульттары жана коопсуздук системаларынын ар кандай мүнөздөгү датчиктерин) даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр катышты», — деп билдирет министрлик.

Андан тышкары, семинар өтүп, анда бирдиктүү базаны жана булут серверин түзүү, ошондой эле корголуучу стратегиялык объектилердин периметрдик сигнализациясы, өзгөчө жер астындагы кабелдер жана ачык мейкиндиктеги кабелдер боюнча маселелер талкууланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>