Икрамов: Оюн ачык айткандарды камоо менен маселе чечилбейт

Икрамов: Оюн ачык айткандарды камоо менен маселе чечилбейт

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн, жарандык активисттерди, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын үйүн тинтүүгө алуу демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов социалдык баракчасында жазды.

Анын айтымында, ачык пикир айткандарды камоо менен маселе чечилбейт.

«Саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет!

Ачык пикир айткандарды камоо менен маселе чечилбейт. Маселе эл менен эсептешкенде гана чечилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-октябрда милиция Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн, жарандык активисттердин, саясатчылардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, алар суракка алынып кеткен. Бул аракеттер коомчулуктун сынына кабылып, камоо жолу кысым көрсөтүүгө болбостугун айтышууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>