АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Журналист Канышай Мамыркулова милицияга суракка чакыртылды
23.10.2022 | 14:08
Журналист Канышай Мамыркулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына түз эфирде билдирди.
Анын айтымында Бишкек шаардык милиция суракка чакырганын. Азырынча эмне маселе менен чакырылганын билбээрин белгиледи.
Кечээ, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо кыймылы түзүлүп. Ага ондон ашык киши мүчө болгон. Бүгүн аталган комиттеттин бир канча мүчөсүн тинтүү кылып, милиция суракка алып кетти.
Ал эми журналист Канышай Мамыркулова буга чейин Кемпир-Абад боюнча Элдик Курултайга катышып, элдин алдында сөз сүйлөгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат