Илон Маск, Тони Роббинс, Акылбек Жапаров саммиттин ачылышында

Илон Маск, Тони Роббинс, Акылбек Жапаров саммиттин ачылышында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында өткөн 9-Дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасы саммиттин алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Белгилей кетсек, саммитте спикерлердин арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Мета компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш бар. Ачылыш аземде лидерлик маселелери боюнча эксперт жана филантроп Тони Роббинс дагы сөз сүйлөдү.

Быйылкы 9-Дүйнөлүк өкмөттөр саммиттине 140 өлкөдөн 4000ден ашуун адам, анын ичинде мамлекет башчылары, министрлер жана расмий өкүлдөр чогулуп, өкмөттөрдүн келечегин кайра аныктап, дүйнөнүн келечегин түзүү үчүн күчтөрдү бириктиришет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>