Чүйдө бычактан жаракат алган жаш жигит каза болду. Шектүү камалды

Чүйдө бычактан жаракат алган жаш жигит каза болду. Шектүү камалды

Чүй облусунун Сокулук районунда мушташ учурунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2005-жылы туулган шектүү Сокулук райондук соттун чечими менен камакка алынган.

Эскерте кетсек, 12-февралга караган түнү саат 03:30да милицияга Сокулук айылында 1994-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран жүрөк тушуна бычак жеп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган. Такталгандай, 12-февралда А.Ш. аттуу жаран өзүнүн беш досу менен Сокулук айылындагы супермаркетте болгон учурда белгисиз эки адам менен чырдаша кетип, мушташ чыккан. Мушташ учурунда урушуп жаткандардын бири дүкөндүн ичине кирип, бычак көтөрүп чыгып, А.Ш.ны жүрөк тушка сайган. Ал окуя болгон жерде каза болгон. Жеринен кандын изи калган бычак табылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

Бул окуяга байланыштуу 2005-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган Э.А. аттуу жарандар кармалган. С.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>