Ташовдун кымбат балуу унаалары алынып, эки киши кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ишкер Имамидин Ташовдун үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн кабарлады.
Анын кымбат балуу унаалары, акча каражаты жана башка материалдар алынды.
Белгилей кетсек, Имамидин Ташовго активист Тилекмат Куренов менен бирге мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети менен айып тагылууда. Экөөнө тең издөө жарыяланды.
[image_carousel source=”media: 204234,204235,204236,204237″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
УКМК экөөнүн М.А.И жана К.А.К аттуу эки тарапташы кармаганын маалымдайт.
Маалыматка караганда, М.А.И. Ош жана Жалал-Абад облусуну боюнча координатору болуп, элдерди ар кандай максат менен каршылык акцияларына топтомок. Андан тышкары ага колдоочуларга акча таратуу жана Бишкекке жеткирүү милдети жүктөлгөн.
К.А.К. аял Талас облусунун тургуну, анын атына АКШдан жана Имамидин Ташовдун атынан акча которулган.
Эскерте кетсек, Имамидин Ташов октябрь айында кармалып, декабрда 10 батир жана 52,4 млн сомдук 1 коммерциялык жайды мамлекетке берип үй камагына чыккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз