Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алдыСи Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет«Манас» эл аралык аэропортунда төртүнчү телетрап орнотулдуДССУ акыркы 10 жылда биринчи жолу каннабисти колдонуунун кесепеттери тууралуу маалыматтарды жаңылады«Сөөктөр сүйлөйт»: Өмүрбек Текебаев көчмөндөр цивилизациясынын келип чыгышы тууралууАйыл чарба: Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат
Иммунолог COVID-19дун жаңы толкуну келе жатканын эскертти
23.07.2022 | 12:27
Медицина илимдеринин доктору, иммунолог-дарыгер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчугов Россияда COVID-19дун жаңы толкуну келе жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эксперт коронавирустун жаңы толкунун пандемиянын “куйругу” деп атады.
“Жаңы толкун келе жатат деп айтсак болот, бирок ал мурункудай коркунучтуу эмес. Эгерде статистиканы карасаңар өлүм болгон учурлар катталбай эле. Жаңы толкунду мен эпидемиянын “куйругу” дейт элем. Анткени бул толкун COVID-19 инфекциясынын мурунку коркунучтуу түрлөрүн сүрүп чыгарат деген ойдомун”, – деди Владислав Жемчугов.
Ошондой эле, ал имараттын ичинде беткап кийүү жана карантин сыяктуу чектелөөрдү киргизүүнүн кажети жок экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом