Бишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды
«Империя пиццы»: уулангандардын саны 179 адамга жетти
26.10.2021 | 11:31
«Империя пиццы» кафесинен тамакка уулангандардын саны 179 адамга жетти, алардын 18и балдар. Мындай маалыматты саат 11.00гө карата Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө.
Темир жол ооруканасында — 13, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында – 12, Улуттук госпиталда – 24, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунда – 1 адам жатат.
Алардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Калган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом