Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды

28.07.2026 | 09:56
Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борбору «Бабатрон» аралыктан нур терапиясы аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын алды. Бул бейтаптарды дарылоону үзгүлтүксүз улантууга мүмкүндүк берет, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — иллюстрация

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, ал жерде жаңы радиоактивдүү булакты расмий тапшыруу аземи өттү.

Бул жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана онкологиялык оорулары бар бейтаптар үчүн нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берери белгиленет.
Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — контекст события

Өз кезегинде Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев учурда нур терапиясынын бардык аппараттары иштеп жатканын билдирди. Эки линиялык ылдамдаткыч (линейный ускоритель), «Бабатрон» аппараты, эки флекситрон жана башка адистештирилген жабдуулар иштеп жатат.

Анын айтымында, эки линиялык ылдамдаткычта күн сайын 160ка жакын бейтап дарыланат. «Бабатрон» аппаратында суткасына 120га чейин бейтапты, «Терад» аппаратында 25ке жакын бейтапты дарылоо пландалууда. Стационардын дагы 40ка жакын бейтабы күн сайын флекситрондордо дарыланышат.
Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — фото 4

Букуев ошондой эле республикалык бюджеттен линиялык ылдамдаткычтарды оңдоого 4 миллион сом жана керектүү запастык бөлүктөрдү сатып алууга 31 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады.

2027-жылдан баштап нур терапиясынын бардык жабдууларын техникалык тейлөөгө жыл сайын 18 миллион сомго жакын каражат бөлүү пландалууда.
Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — фото 5

Осмонов заманбап медициналык техниканын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын баса белгиледи.

Индия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырды — фото 6
Индия тарап өз кезегинде Кыргызстандын онкологиялык кызматын өнүктүрүүдө кызматташууну улантууга, анын ичинде Кобальт-60 булагынын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин аны өз убагында алмаштырууга көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады.
Scroll to Top