Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Евробиримдик «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетине киргизди — Улуттук банктын жообу
28.07.2026 | 10:17

Өлкөнүн коммерциялык банктарынын бирине карата санкциялар киргизилгенден кийин Кыргызстандын банк сектору штаттык режимде иштөөнү улантууда, деп билдирет Улуттук банктын басма сөз кызматы.
«Банк сектору учурда туруктуу бойдон калууда, жетиштүү капиталга, ликвиддүүлүккө жана тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге карата туруктуулукка ээ. Коммерциялык банктар кадимки режимде ишин улантып жатышат жана кардарларга банктык кызматтарды үзгүлтүксүз негизде көрсөтүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банк башкы финансылык жөнгө салуучу кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантып жатканын кошумчалады.
Зарылдык жаралса, санкциялардын өлкөнүн финансылык тутумуна тийгизген мүмкүн болгон таасирин азайтуу үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдардын алкагында тийиштүү чаралар көрүлөт.
Эске салсак, буга чейин Евробиримдик Кыргызстандын үч компаниясын жана бир банкын Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетине киргизген. Документтин толук текстине ылайык, чектөөлөргө «ЭкоИсламикBank» ЖАК илинген. Банкка карата санкциялар 13-августта күчүнө кирет.
Банк Орусиянын Борбордук банкынын Финансылык билдирүүлөрдү берүү тутумуна (ФББТ — СПФС) туташтырылганына байланыштуу, ал үчүн транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салынары такталган.