Индияда 70 жаштагы аял төрөдү

Индияда 70 жаштагы аял төрөдү

70 жаштагы Живунбен Рабари экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу эркек төрөдү. Ал анын тун уулу. Күйөөсү экөө 40 жыл ушул күндү күткөн. Бул туурасында Loop News жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал өмүрлүк жолдошу Мальдхари менен 45 жыл чогуу жашап келе жатат. 40 жыл балалуу боло албай жаткандыктан, жасалма уруктандыруу менен балалуу болууну чечишкен.

Дарыгерлер “аларга мындай жашында бала төрөй албайт деп айттык. Бирок, алар бизден төрөтүүнү талап кылып, үй-бүлөсүндө мындай жасалма уруктандыруу менен төрөгөндөр бар экенин айтышты. Мындай учур биз үчүн эң сейрек учурлардын бири болуп калды”- дешти

Эки жуп Гуджарат штатынын Кемора айылында жашашат. Экөө тең жазганды да, окуганды да билишпейт. Алтургай аялда паспорту да, керек болсо жашын аныктай турчу документи болгон эмес. Бирок, туугандары анын жашы 70те экенин тастыкташкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>