Индияда мейманканадан чыккан өрттөн кыргызстандыктар каза болду. Алар бир үй-бүлөдөн болушкан

04.06.2026 | 12:38
Өрттөнүп жаткан имарат

Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн үч кыргызстандык жаран каза болду. КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кырсыктуу окуя кечээ, 3-июнда, «Florist Inn» мейманканасында болгон. Анын кесепетинен 21 адам каза болгон.

Индиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Делидеги клиникаларда дарылануу үчүн келишкен.

Каза болгондордун арасында Кыргызстандын үч жараны бар экендиги тастыкталган. Алар:

  • 1976-жылы туулган Х.Н.;
  • 2003-жылы туулган Х.Т.;
  • 1950-жылы туулган К.М.

ЖМКлар каза болгон кыргызстандыктар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушканын, алар Индияга дарылануу үчүн барышканын жазышты. Маалыматка ылайык, 50 жаштагы кыргызстандык аял өлкөгө боорун алмаштырууга барган, ал эми анын 23 жаштагы уулу ага донорлук кылган. Маркум аялдын 76 жаштагы энеси аны караганга барган. Үй-бүлө жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтмак.

ТИМ Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдардын жакындары менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатканын маалымдады. Учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүү жана тиешелүү документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.

Теги: Индия, ТИМ
Scroll to Top