Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар тарыхый жыйынтыкка жетишишти
17.08.2026 | 09:46

Информатика боюнча 38-эл аралык олимпиада (IOI 2026) кыргызстандык окуучулар төрт медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 9-16-август күндөрү Ташкент шаарында өтүп, ага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышкан. Кыргызстандан барган команданын төрт мүчөсү тең орундарга ээ болуп, эки күмүш жана эки коло медаль утушкан. Алар:
- Рамазан Мананов — күмүш медаль («Амбассадор Интернешнл Скул»);
- Алихан Айдарбеков — күмүш медаль («Амбассадор Интернешнл Скул»);
- Абдуллахан Абдирасулов — коло медаль («Амбассадор Интернешнл Скул»);
- Ян Бобрус — коло медаль («Газпром Кыргызстан» мектеби).
Командалык эсепте Кыргызстан 97 мамлекеттин ичинен 20-орунду ээлеген. Министрлик бул көрсөткүч өлкөнүн аталган олимпиадага катышуу тарыхындагы эң жогорку жыйынтык болуп саналарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом