Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
ЖОЖдорго жана коллеждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 6-туру башталды
17.08.2026 | 10:09

Бүгүн, 17-августта, жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун алтынчы туру башталды. Ал 22-августка чейин уланат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Тандоо ЖРТнын жыйынтыгы жана негизги жалпы билим тууралуу күбөлүктүн орточо баллынын негизинде жүргүзүлөт.
Алтынчы турдун графиги:
- 17–19-август: конкурска катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо;
- 19-август, саат 14:00: каттоону аяктоо;
- 20-август, саат 10:00: окууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жарыялоо;
- 20–22-август, саат 16:00гө чейин: абитуриенттер тарабынан окуу жайды тандоону ырастоо.
Министрлик абитуриенттерге каттоо жана тандоону ырастоо убактысын так сактоону сунуштады.
Теги: Абитуриент, университет