Министрлик “Азаттыктын” сайтын мыйзамсыз жапты, — Интерньюс

Министрлик “Азаттыктын” сайтын мыйзамсыз жапты, — Интерньюс

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга таянып «Азаттык Медиасынын» сайтын эки айга жабуу тууралуу чечими мыйзамсыз. Бул тууралуу Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кечээ, 26-октябрда министрлик, «Азаттык Медиасы» 14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга жасаган агрессиясын чагылдырууда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес маалыматтарды таратканы үчүн анын сайтын эки айга жапканын билдирген.

«Министрлик тарабынан 16-сентябрда «Учурдагы убакыт» ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш|ASIA» аттуу видеоматериалы эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган», — деп билдирген министрлик. 

Медиа Полиси институтунун юристи Акмат Алагушев билдиргендей, бул жагдайда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды колдонууга негиз жок болчу.

«Ал мыйзам бир адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматты гана тескейт. Эгерде аталган репортажда кандайдыр бир дискриминациянын элементтери болсо, укук коргоо органдары 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча иш козгоп, расмий түрдө экспертиза жүргүзө алат. Бирок сайтты жабууга болбойт», — дейт ал.

Интерньюстун өкүлчүлүгү белгилегендей, Маданият министрлиги анык эмес маалыматты алып салууну талап кылып, аны өчүрүүдөн баш тартканы үчүн сайтты жабуу үчүн сөзсүз түрдө арыз жазган тарап болуш керек. «Азаттык Медиасынын» Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева азырдануучу болбогонун билдирди. Демек, Маданият министрлиги «Азаттыкка» репортажды өчүрүү тууралуу катты өз алдынча жөнөтүп, алар баш тартышкандан кийин сайтты жабып салган.

Юристтердин айтымында, аталган материал анык эмес маалыматтан коргоо тууралуу мыйзам менен чектелүүсүнө жатпайт. Ошондой эле бул мыйзамдын колдонулушунда процессуалдык бузуулар бар. Андыктан «Азаттык Медиасынын» жабылышынын мыйзамдуу экени ачык бойдон калууда.

Анык эмес маалымат деген эмне?

Аталган мыйзамдагы аныктамага ылайык, анык эмес (жалган) маалымат — Интернет тармагында же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов активисттердин камалышы жана ЖМКларга болгон басым тууралуу маселени көтөрүп, мамлекет сөз эркиндигин  коргошу керектигин белгиледи.

Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга жабат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>