Бир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөнКыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөтСадыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Ирак, Сириянын абактарында кыргызстандык 200 аял балдары менен бар
27.07.2022 | 15:57
Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын жараны болгон 400 бала жана 200 аял бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, бул дагы так сан эмес, мындан дагы көп болушу мүмкүн. Учурда цифралар такталууда. Балдарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
«Энелери боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул жерде бир топ кыйыныраак, анткени ар кандай оордуктагы өкүмдөр бар, ага ылайык алар СИЗОго киргизилген», – деди Кулубаев.
Белгилей кетсек, аткаминерлер президенттин тапшырмасы менен быйылкы жарым жылдык боюнча ЖМКга маалымат берип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом