Ирандагы Азия чемпионатында байге уткан жөө күлүктөр мекенине келди

Ирандагы Азия чемпионатында байге уткан жөө күлүктөр мекенине келди

Бүгүн, 21-февралда жеңил атлетика боюнча улуттук курама Иранда өткөн жабык имараттардагы Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кураманы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактияр Бокоев, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надырбеков жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Аталган мелдеште Нурсултан Кеңешбеков эки алтын байге утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болду (1500 жана 3000 метрге жарыш). Ошондой эле Айнуска Калил кызы күмүш жана коло медаль тагынды (1500 жана 3000 метрге жарыш).

Эскерте кетсек, Иранда өткөн Азия биринчилигине Кыргызстандан жөө күлүктөр Айнуска Калил кызы (1500 жана 3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500 жана 3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаев (1500 м жана 3000) катышты. Спортчуларды машыктыруучу Татьяна Борисова коштоп барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>