Балыкчыдагы жол кырсыгы.11 жаштагы кыз дагы эле ооруканада

Балыкчыдагы жол кырсыгы.11 жаштагы кыз дагы эле ооруканада

Балыкчыда жол кырсыгына кабылган 11 жаштагы окуучу кызга Бишкекте операция жасалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын атасы Максатбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, кызы дагы эле ооруканада.

«Бутунун сөөктөрү майдаланып сыныптыр. Операция жасалды, бирок бир нече ай баса албайт. Бүгүн ооруканадан чыгарабыз дешкен, дарыгерлер дагы дарылануу керектигин айтып бошотпоптур», — дейт Максатбек Байгазиев.

Ысык-Көл облустук сотунун маалыматында, кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок. Ал 26-мартка чейин камакта.

Эскерте кетсек, окуя 26-январда болгон. Кызды сүзүп кеткен шаардык милициянын кызматтык унаасында Бектур Осмонбаев жана анын иниси Бекзат Казаков болгону аныкталган.

 

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кызды сүзгөн милиционер мас болгону айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>