Ири көлөмдө акча тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ири көлөмдө акча тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарынын тургуну Ички иштер органдарына кайрылып, мыйзамсыз иша ракеттерин жасаган адамга карата тийиштүү чараларды көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 31-январы күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн кире бериш эшигин бузуп киришип, ага карата күч колдонуп, коркутуу жолу менен акча талап кылып, 4 миң АКШ долларын алып кетишкен.

Алар ошону менен токтоп калбастан, кайрадан акча каражатын талап кыла башташкан.

Аталган факты боюнча КР КЖКнын 208-беренеси (опузалап талап кылуу) мененк ылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү аныктоо жана колго түшүрүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча УКККБ (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын) кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган.

2023-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнөн опузалап талап кылынган каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда 24 000 сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан учурунда кылмышка шектүү адамдардын бири кармалган. Бул атайын иш чарага АБПнын (атайын багыттага полктун) жоокерлери да тартылган.

Кармалган жаран мурда бейбаштык, каракчылык жана баңгизатына байланышкан кылмыштар боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган, 1985-жылы Талас облусунда туулган Р.М. экендиги аныкталган.

Ал, шектүү адам катарында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот тарабынан бөгөт коюу чарасы эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Учурда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар башка өнөктөштөрүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>