Исхак Масалиев депутаттык мандатын бир ай эрте тапшырат – видео

21.05.2020 | 11:03

Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал парламенттин 21-майдагы жалпы жыйынында айтты.

Анын айтымында Жогорку Кеңеш конституциялык укугун эске алып, өзүнө эч кандай жоопкерчилик алган  эмес.

“Бизде парламенттик-президенттик башкаруу. Бирок эмнегедир парламент жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт. Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку Кеңешке карата айтылган сын-пикирлерди мынчалык уккан эмесмин”, – деген ал.

Масалиев жыйын учурунда мөөнөтүнөн мурда  депутаттык мандатын тапшыра турганын айткан.

 “Оор абалда Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти  түздөн-түз мойнуна алыш керек болчу. Өлкөнү мындай абалга жеткирген бийликтин арасында мен да бармын. Мындан улам мен 25-майда депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим”, – деген Масалиев.

Scroll to Top