Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Нарында мамкаттоонун 6 кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды
21.05.2020 | 11:43
Нарын облусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкерине COVID-19 диагнозу коюлган. Баардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, тиешелүү дарылоо башталды.
Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1313 учуру катталды. Алардын 370и стационарда, 5и реанимацияда жатат. Ал эми 929 жаран ооруканадан чыгарылса, 14ү илдеттен каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом