Ишкерден эки батир, акча талап кылган Каржы полициясынын экс-кызматкери кармалды — видео

Ишкерден эки батир, акча талап кылган Каржы полициясынын экс-кызматкери кармалды — видео

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча  кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн   кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Кылмышкердин табити барган сайын күчөп, Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Алардан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.

25-октябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан.

Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д. болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери болгону жана мурда бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Кармалган жаран  Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>