Ишкерлер нетворкинги: насаатчылык бизнести чыңдоого жана кеңейтүүгө кандай жардам берет?

Ишкерлер нетворкинги: насаатчылык бизнести чыңдоого жана кеңейтүүгө кандай жардам берет?

Бишкекте ири бизнес-асоциациялардын өкүлдөрү, ишкер айымдар, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги айымдар» жана «МикроМентор» насаатчылык программаларынын катышуучуларынын «Насаатчылык: бизнестин өсүшүнүн ачкычы» аталышындагы нетворкинг- жолугушуусу болуп өттү.

Нетворкингдин жүрүшүндө ЕРӨБнын коммуникациялар департаментинин башкаруучу директору Ричард Портер  сөзү сүйлөдү.

Ал ЕРӨБнын «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасы Кыргызстанда 2020-жылдан бери иштеп келе жаткандыгына токтолду.

Анын айтымында, бул убакыт аралыгында ишкердикти жана ишкерлердин активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам көрсөтүлүүдө.  Ошондой эле  We-Fi ишкер аялдар үчүн каржылык демилге жана Швейцария өкмөтүнүн аркасы менен ишкер аялдарды каржылоо, ноу-хауга жана кеңеш берүүлөргө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

 “Кыргызстандагы «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасына суроо-талаптар көп. Акыркы төрт жылдын ичинде биз катышууга 1000ден ашык арыздарды кабыл алдык жана 100дөн ашык устат-насаатчы жуптарды бүтүрдүк. Программанын катышуучулары таасирдүү натыйжаларга жетишти: 52% жаңы рынокко чыкты, 72% өз продукциясынын ассортиментин кеңейтти, 79% сатууларын көбөйттү», — деп сандар менен Ричард Портер бөлүштү.

 Иш-чаранын жүрүшүндө мындан сырткары тажрыйбалуу насаатчылардан колдоо жана кеңеш алууга мүмкүн болгон эл аралык акысыз «MикроМентор» онлайн платформасынын бет ачары болуп өттү. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө программага 179 өлкө жана ар кандай бизнес өкүлчүлүктөрдөн турган 400 миңден ашык ишкерлер катышууда.

 Иш-чаранын бейформал бөлүгүндө жеңил өнөр жай тармагында иштеген «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын катышуучуларынын мода көргөзмөсү, ошондой эле билим берүү кызматтарынын, санарип платформаларынын жана продукцияларынын көргөзмөлөрү уюштурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>