Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Ислам оюндары. Балбан Тынар Шаршенбеков күмүш медаль тагынды
12.08.2022 | 22:30
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык спортчу Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль тагынды.
Ал 63 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты. Кыргызстандык 1/4 финалдан баштап, катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты.
Алтын үчүн болгон күрөштө Тынар Шаршенбеков 34 жаштагы ирандык спортчу менен беттешип, ага жеңилип, күмүштүн ээси болду.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Түркиядагы оюндарда бешинчи медаль болду – эки алтын, эки күмүш жана бир коло.
Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт