Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Испания Францияны жеңип, ДЧ-2026 финалына чыкты
15.07.2026 | 10:04

Испания курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Франция курамасын 2:0 эсебинде жеңди. Беттеш Арлингтон шаарындагы (Техас штаты, АКШ) AT&T стадионунда өттү.
Оюндун 22-мүнөтүндө Микель Оярсабаль пенальтини ийгиликтүү аткарып, эсепти ачты. Экинчи таймда Педро Порро испаниялыктардын артыкчылыгын бекемдеп, эсепти 2:0гө жеткирди.
Испания курамасы өзү жеңүүчү болгон 2010-жылкы дүйнө чемпионатынан бери алгачкы ирет турнирдин финалына чыкты. Ал эми Франция курамасы 2014-жылкы дүйнө чемпионатынан бери биринчи жолу финалга өтпөй калды.
ДЧ-2026 финалына экинчи жолдомо үчүн Англия жана Аргентина курама командалары күч сынашат.
Бул оюн 16-июлда Атлантадагы «Мерседес-Бенц» стадионунда өтөт. Башталышы — саат 01:00дө.