Кыргызстан жүндү кайра иштетүүнү жана продукциянын экспортун арттырууну пландап жатат

Суу ресурстары министрлигинде жүндү өндүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө арналган жолугушуу өттү.
Талкууга кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү, бул тармакта иштеген ишкерлер, ошондой эле министрликтин тармактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.
Катышуучулар тармактын учурдагы абалын, негизги көйгөйлөрдү жана аны өнүктүрүү келечегин карап чыгышты. Продукциянын сапатын жогорулатуу, инвестиция тартуу, экспорттук дараметти кеңейтүү жана мамлекеттик колдоо чаралары көңүл борборунда болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жүндү кайра иштетүүнү өнүктүрүү, чийки зат ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну макулдашышты.