Испания менен Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында беттешет

20-июлга караган түнү Испания менен Аргентина курама командалары 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында беттешет.
Оюн АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Ратерфорд шаарында жайгашкан MetLife Stadium стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жарым финалда Испания Францияны 2:0 эсебинде жеңсе, Аргентина Англияны 2:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Испания курамасы тарыхындагы экинчи дүйнө чемпиондугун жеңүүгө аракет кылат. Команда буга чейин бул наамды 2010-жылы жеңип алган. Ал эми 2022-жылдагы дүйнө чемпиону Аргентина катары менен экинчи жолу титулду коргоп, тарыхындагы төртүнчү дүйнө чемпиондугун жеңүүгө мүмкүнчүлүк алды.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты тарыхта алгачкы жолу 48 улуттук кураманын катышуусунда өтүп жатат. Турнирди АКШ, Канада жана Мексика биргелешип өткөрүүдө.