Июндан тарта жол эрежесин бузгандарды каттаган жаңы комплекстер иштей баштайт

16.05.2026 | 11:00

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Кыргызстан боюнча жол эрежелерин бузгандарды аныктаган жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы программалык-аппараттык комплекс жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоого багытталган. Долбоор «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы Техникалык багыттагы борбор мамлекеттик ишканасына пайдаланууга өткөрүлүп берилген.

Жаңы система Кыргызстан аймагында сыноодон ийгиликтүү өтүп, төмөнкү мыйзам бузууларды автоматтык түрдө аныктай алат:

  • белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
  • коопсуздук курун тагынбоо;
  • унаа айдап бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
  • каршы тилкеге чыгуу.

1-июнунан тартып комплекстер республика аймагында толук кандуу иш режиминде иштей баштайт.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, заманбап технологияларды киргизүү айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун коргоого багытталган.

Scroll to Top