Кадамжайда милиция аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

Кадамжайда милиция аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, район аймагында «Өспүрүм эмгек» аталышындагы иш-чара жүргүзүлүп, жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөр өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана алардын социалдык абалын текшерүү максатында ар бир кожолукка кирип, жашоо-шарттары менен таанышып чыккан. Жыйынтыгында аз камсыз болгон 9 үй-бүлө аныкталып, тийиштүү материалдар чогултулуп, ар тараптан кам көрүү максатында социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлгөн.

«Ошондой эле райондун аймагында жайгашкан бардык билим берүү мекемелеринде окуучуларга  кылмыштуулуктун алдын алуу  жана  болтурбоо максатында рэкетчилик, топтошуп мушташуу, зордук-зомбулук, телефонду туура багытта пайдалануу, жол эрежеси жана башка дагы ар кандай  темаларда 38 лекция окулуп, профилактикалык түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары автобекеттер, автоунаа жуучу жайлар, базарлар жана башка жаш балдар болуусуна тыюу салынган жерлер текшерилип, аталган жайлардын ээлерине жаш балдарды  жумушка тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автоунаа жууп иштеп же башка ар кандай  формадагы  жумуштар менен алектенип жаткан жашы жете электер аныкталган жок.

«Ошондой эле жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр тамак-аш азыктары менен камсыз кылынды», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>