Кадамжай районунун Бак айылындагы Лаган каналына агып кеткен эки кыздын бири каза болуп, бири куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрилигне кабар 6-августта түшкөн соң, 8 кызматкер куткаруу иштерине жөнөп кеткен.
“Жергиликтүү тургундар кыздын бирин куткраып калышкан, ал эми экинчи кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 18:14тө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген”, – деп жазылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигни өткөн жылга салыштырмалуу быйыл сууга аккандардын саны көп болуп жатканын билдирген.