Кайгуул кызматкери 2500 доллар талап кылууга шектелип кармалды

Кайгуул кызматкери 2500 доллар талап кылууга шектелип кармалды

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-апрелде ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 2500 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын  айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Белгилей кетсек, Э.Н.А. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 АКШ долларын алган.

Кармалган патрулдук милиция кызматкери Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>