Азия чемпионаты: Кадырбек кызы соңку секундда атаандашынан жеңишти жулуп кетип, коло утту

Азия чемпионаты: Кадырбек кызы соңку секундда атаандашынан жеңишти жулуп кетип, коло утту

Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде балбан кыз Арууке Кадырбек кызы (53 кг) коло медаль тагынды.

Ал таймашты чейрек финалда баштап, биринчи беттешинде түндүк кореялык спортчуга 10:0 эсебинде жеңилген. Бирок түндүк кореялык балбан кыз финалга өткөндүктөн, Арууке Кадырбек кызы коло үчүн күрөшө турган болгон.

Үчүнчү орун үчүн беттеште ал казакстандык Зульфия Яхярова менен күч сынашты. Биринчи бөлүктө Яхярова 1:0 эсебинде алдыга чыкты. Ага 1 упай Кадырбек кызынын пассивдүүлүгү үчүн берилди.

Экинчи бөлүктө Кадырбек кызы 2 упай алып, алдыга чыкты. Андан кийин казакстандык спортчунун пассивдүүлүгү үчүн ага дагы 1 упай берилди. Эсеп 3:1 болду.

Беттештин аяктарына 9 секунд калганда Яхярова Арууке Кадырбек кызынын бир далысын килемге тийгизип, 2 упай алуу менен алдыга чыкты (эсеп 3:3 болуп, бирок артыкчылык упай казакстандык спортчуда болгондуктан, ал жеңүүчү аталмак). Бирок Кадырбек кызы соңку көз ирмемде атаандашынын аркасына өтүп, 1 упай алып эсепти 4:3 кылууга жетишти. Ошентип ал соңку секундда атаандашынан жеңишти жулуп кетти.

Казакстандык спортчунун машыктыруучулары челленж ыргытып, видеокайталоо сурады. Бирок алар челленжден утулду. Мындан улам Кадырбек кызына дагы 1 упайы ыйгарылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>