Кыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
Кайра шайлоо: БШК 52 талапкерди расмий каттады
04.02.2022 | 16:28
Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоого Бишкектеги бир мандаттуу эки округдан 52 талапкер катталды.
Боршайкомдон билдиришкендей, жалпысынан 72 кишиден арыз түшүп, 55и керектүү документтер топтомун өз учурунда тапшырган.
Бүгүнкү күндө №27 Биринчи май шайлоо округунан 27, ал эми №29 Свердлов округунан 25 талапкер катталды. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган.
Эске салсак, жогорудагы эки аймакта кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат