Кыргызстанда коомдук токой инспекторлорунун тармагы түзүлүүдө

Кыргызстанда коомдук токой инспекторлорунун тармагы түзүлүүдө

Кыргызстанда коомдук токой инспекторлорунун тармагы түзүлүүдө. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, токойду кыюунун эки түрү бар жана аларды айырмалоо керек.

«Биринчиден, муктаждык жаралганда. Ченемдик документтерге ылайык, жаран эки куб жыгачты өзүнүн муктаждыгы үчүн пайдаланууга укуктуу», — деди ал.

Динара Кутманова элди отун менен камсыз кылуу үчүн тез өсүүчү теректер отургузулууда экенин айтты.

Кыюунун экинчи түрү, токойду сатуу, министрлик так мына ушуга каршы күрөшүп жатат.

«Албетте, ар бир даракка инспектор беките албайсың, ошондуктан биз коомдук инспекторлордун тармагын өнүктүрүүгө кириштик. Биз буга чейин жобону иштеп чыгып, аймактарда ишеним телефондорун ачканбыз. Азыр эко волонтерлорду түзүп жатабыз, алар мыйзам бузууну жаздырып, анан бизге кабарлап коюуга укугу бар, ошондо гана биздин инспекторлор келип, чара көрүшөт», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2022-жыл Тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылы деп жарыяланган.

«Буга байланыштуу ар бир кыргызстандык 10 көчөт отургузуу пландалып жатат», — деди Кутманова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>